Жаңылыктар
Теңир-Тоо жергесиндеги Эгемендүүлүк майрамына камылга
Аймак
Теңир-Тоо жергесиндеги Эгемендүүлүк майрамына камылга

 Нарын облусунда эгемендүүлүк майрамына карата маданий мекемелердин курулушу күчөп, пайдаланууга берилгени турат. Учурда аларда акыркы жумуштар бүткөрүлүп, алдыдагы салтанатка камылга кызыды. 

Тоо арасындагы Нарын облусунда Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланышкан башкы майрамдык иш-чара азыр биз турган Нарын шаарындагы борбордук аянтта өтмөкчү. Өзүңүздөр баамдагандай, ал жерде олуттуу деле ремонт иштери болгон эмес. Бирок айланасы ирээтке келтирилип, баарысы майрамга даяр.

 Жергиликтүү бийлик башындагылардын билдиргендерине караганда, 31-август күнү бул жерде аскер парады өтөт. Мындай көрүнүш дээрлик 20 жыл болгон эмес. Андыктан, теңир тоолуктар үчүн бул жаңылык абдан кызык болуп турат. Ошондой эле аянтта Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын артисттери өлкө тарыхынын урунттуу учурларын чагылдырган оюн-зоок көрсөтөт.
 Алдыдагы маанилүү окуяга өнөрпоздор мына минтип ачык асман алдында даярданышууда. Маанайлары ачык, көңүлдөрү көтөрүңкү. Анткени, курулганы бир да жолу капиталдык ремонт жасалбаган театр имаратына өлкө Президенти тарабынан 25 миллион сом каралып, азыр иш кызыган. Өнөрпоздорго бул чоң дем берүүдө.
 Ушундай эле маданий жайлардын катарына кирген Жумамүдүн Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин ачкычы эгемендүүлүк күнү өз ээлерине тапшырылат. Анын курулушуна мамлекет казнасынан 47 миллион сом пайдаланылып, шаардын чок ортосунда көз жоосун алган кооз имарат тургузулду.
Ал эми ири суммадагы инвестициянын эсебинен курулган мына бул гүлбакчада интернеттин жана спорттук машыгуу жабдууларынын орнотулгандыгы азыртан эле жаштардын кызыгуусун жаратууда. Эми ал пайдаланууга берилсе, жалпы эле нарындыктар үчүн чоң белек болот.
Ошентип теңир тоолуктар эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата белек болуп калсын деп, маңдай терин агыза иштеп жатышат. Көзгө көрүнөөрлүк жумуш аткарылса - мээнет акталганы ошол дешет.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118