Жаңылыктар
Татарстандагы учак кырсыгынан 15 адам каза тапты
Дүйнө
Татарстандагы учак кырсыгынан 15 адам каза тапты

Татарстанда учак кулап, 15 адам каза тапты. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалым болгондой, L-410 учагы жерге катуу түшкөн. 

Учакта 20 парашютчу десант, 2 учкуч — жалпы 22 адам болгон. Куткаруучулар 7 адамды тирүү табышкан, алардын бири эс-учун жоготкон абалда болгон. Калган 15и жеринде каза тапкан. Жабыркагандар Татарстандын Мензелин райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда жеринде 50 куткаруучу, 17 атайын техника иштеп жатат. Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, окуя болгон аймакка жөнөп кетишти. Эске салсак, сентябрь айында Орусиянын Иркутск облусунда ушул эле үлгүдөгү учак кулап, ичиндеги 16 адамдын төртөө каза таап, он экиси ар кандай жаракат алган эле.