Жаңылыктар
Казакстандын Жамбыл облусундагы аскер кампасында жарылуу болду
Дүйнө
Казакстандын Жамбыл облусундагы аскер кампасында жарылуу болду

Жамбыл облусунун Байзак районундагы Сарыкемер айылында жайгашкан аскер кампасында жарылуу болду. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги "Тараз 24" телеканалына билдирди. 

"10-октябрда Жамбыл облусундагы ок-дарылар сакталган Сарыкемер аскердик кампасынын аймагында мурда зыянга учураган жарылуучу заттардан өрт чыгып, анын кесепетинен жарылуу болгон", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Билдирүүгө караганда, бул окуя жумуштан сырткары маалда болуп, жардыруу болгон жерде эч ким болгон эмес жана имарат зыян тарткан жок.

Белгилей кетсек буга чейин 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн кампасында ок-дарылар жарылып, өрт чыккан. Жүздөгөн адам окуя болгон жерден көчүрүлүп, 17 адам каза таап, ондогон киши жаракат алган.