Пандемиянын 4-толкуну Румынияны алсыратып ЕвроБиримдиктен жардам суроого мажбур кылды. Өлкөнүн ооруканалары толуп бейтаптарга орун жок.
Өлүмдүн саны өсүп пандемиядагы рекорддорду жаңыртты. 19 миллион калктын ичинен 40 миңге жакын адам көз жумган. Учурда өлкөнүн ооруканаларында 1 жарым миңден ашуун адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.