Жаңылыктар
Ата-эненин колун караган мектеп
Билим
Ата-эненин колун караган мектеп

 Саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылы башталат. Буга карата ата-энелер балдарынын мектеп формаларын, китеп кагаздарын толуктап берүү үчүн бир топ эле чыгым болот. Ал ортодо айрым ата-энелер мектептин эсебине банк аркылуу тийиштүү акча котормоюн балдарды мектепке берүү оорлоп баратканын айтышууда. 

Окуу баштала электе эле тамгаларды кошуп, муундап окуп калган Эржан быйыл 1-класска барат. Улам убакыт жакындаган сайын чоң апасы Күлсүн Жумаева дагы кичүү небересине тамгаларды кайталатып, жаздырып көндүрүүдө.
“№77 мектепке неберемди киргиздик. Эч кандай акча төлөгөн жокбуз, бирок жардам ирээтинде деп, тряпка, шыпыргы, самын дегендей алып келгиле дедик, анан биз акча эле берели деп, 2 миң сомдон чогултуп бердик”- дейт Ак-Өргөө конушунун тургуну Күлсүн Жумаева. 

Ал эми 7 жашар Эмирдин ата-энеси мектепке бир тыйын да берген жок. Өзүлөрү жаңы конуштардын биринде жашаса дагы, Эмирди шаардын борборундагы мектепке киргизди.
"Биз Ак-Өргөдө жашайбыз, бирок баламды шаардагы №27-мектепке киргиздим. Анткени ал мектепте баардык туугандарыбыздын балдары окушат. Мектеп директору тааныш эжебиз болот" - дейт Урмат Жыргалбеков.
 Ошентип балаңды жакшы мектепки киргизүү үчүн же акчаң же, албетте таанышың болуш керек. Ата-энелердин тааныш тапканына жараша мектепке кирүү акысы 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин жетип турат. Атын атагысы келбеген айымдын айтымында, алдын ала банктагы эсепке төгүлдү деген дүмүрчөктү алып келмейин, мугалимдер топтоп келген документтериңди карап да койбойт экен.

“№9 мектепке кызымды киргизейин деп барсам, директор кол коюп туруп бухгалтерге жиберди. Ал болсо банкктагы эсептин номерин берип, 20 миң сом төлөп келесиз деп айтты. Мен кетип калдым дагы, министрлик аркылуу кайра чыктым. Ошондо гана алар унчукпай, кызымды мектепке алабыз дешти”- дейт шаар тургундарынын бири.
 Билим берүү министрлиги 2010-жылы буйрук чыгарып, мектептердеги акча чогултууларга расмий тыюу салган. Бирок ал буйруктун башында “мугалимдер тарабынан эч кандай акча жыйналбасын” деп жазылып турат дагы, башка бир беренесинде, “эгер ата-энелердин комитети акча чогултуу боюнча чечим кабыл алса, анда чогулта берсин” деген жазуу бар.Бүгүнкү шаардык мектептердин конференциясына катышкан бир катар мектеп директорлорунун ойлору мына ушундайча нукта. Айтымдарында ата-энелерден кыйнап акча талап кылмай деген жок.
“Албетте ата-энелерден чогулган каражаттар ошо эле мектептин чарбачылыгына кетет. Пол жууй турган тряпка, айна, самын дегендей. Жада калса, алар чогулткан акчага аларды сатып алуу үчүн жетпей калат. Негизи бюджеттен деле каралат деп айтышат, бирок тилеке каршы берилбей келет” - деп билдирди №78 мектептин директору Эльнура Мурзаева. 

Бирок мектеп жетекчилери айтып оозду жыйганча эле, Ала-Тоо маалымат программасынын чыгармачыл тобу №70 мектептин алдына келди. Мектепке кабыл алуу 15-августка чейин эле жүргүзүлөт деп айтылганы менен, балдарын жетелеп, мектепти айланчыктап жүргөн ата-энелер дагы эле жүрөт. Кадрдагы жашыл көйнөк кийген айым, баласын мектепке киргизүү үчүн 15 миң сом сурап жатканын айтты, бирок камерага сүйлөп берүүдөн баш тартты.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118