Жаңылыктар
Байденди куткарууга жардам берген ооган котормочусу эвакуацияланды
Дүйнө
Байденди куткарууга жардам берген ооган котормочусу эвакуацияланды

Америкалык армияга иштеген котормочу Аман Халили жана анын үй-бүлөсү Ооганстандан эвакуацияланды. Алар алгач Пакистанга барып, ал жактан башка коопсуз өлкөгө чыгып кетишти. Бул тууралуу ABC News телеканалы кабарлады.

2008-жылы Халили АКШнын азыркы президенти Жо Байденди куткарууга жардамдашкан. Ал кезде Дэлавер штатынын сенатор болуп турган Байден жана анын эки кесиптеши Ооганстанга барышкан. Алардын тик учагы бороонго туш болуп, авариялык түрдө конгон. Сенаторлорду куткарууга бир нече киши, анын ичинде Халили да жөнөтүлүп, алардын жардамы менен америкалык депутаттар кооптуу аймактан кайтып келишкен.

Быйыл августта АКШ өз аскерлерин жана аларга жардам берген Ооганстандын жарандарын эвакуациялай баштаганда Халили иммиграциялык виза ала албай калган. Мындан улам ал бир нече америкалык ЖМК аркылуу Байденге кайрылып, өлкөдөн чыгарып кетүүгө жардам берүүсүн өтүнгөн. "Мени жана үй-бүлөмдү куткаргыла. Мени бул жерде унутуп кетпегиле", – деп жазган котормочу.

Халилини жана "тобокелчилик тобундагы" 200гө жакын башка ооганстандыктарды эвакуациялаган Human First Coalition уюму Пакистандын премьер-министри Имран Ханга жана АКШ Мамлекеттик департаментинин бир нече кызматкерине ыраазычылык билдирди.

Америкалык аскерлер Ооганстанда дээрлик 20 жыл болушту. Бул өлкөдөгү операция 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон теракттардан кийин башталган. Аны "Аль-Каида" террордук кыймылынын Ооганстанда жашап жүргөн лидери Усама бин Ладен уюштурган. Узакка созулган бул согушта АКШ "Аль-Каидадан" тышкары талибдерге каршы да согушкан.

Акыркы америкалык учак Кабул аэропортунан быйыл 30-августта учуп кеткен. Андан соң "Талибан" кыймылы согуш аяктаганын жана анда "жеңишке жетишкенин" жарыялаган.