Баткен облусунда быйыл 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларда жабыркаган ишкерлер салыктан бошотулду.
Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган окуялар «ал жеткис күчтүн жагдайлары» аныктамасына дал келүүчү өзгөчө жагдайлар деп таанылды.