Жаңылыктар
Министрлер кабинетине коюлган талаптар. Президенттин кайрылуусу
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер кабинетине коюлган талаптар. Президенттин кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров бүгүн жаңы дайындалган министрлер кабинетинин антын кабыл алып, андан соң парламенттин жыйынында сөз сүйлөдү. 

Өлкө башчысы жаңы министрлерден мамлекеттин кызыкчылыгын коргоону, милдеттерин ак ниет, так жана натыйжалуу аткарууну талап кылды. Биринчи кезектеги милдет, таза, ачык-айкын иштеп, алдыда күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү. Шайлоолорго даярдык көрүү, жалпы экономика тармагындагы абалды жөнгө салуу маселелери курч турат.