Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка кол койгон президент, Касмамбетовду кесипөй мамлекеттик ишмер, өз ишинин мыкты чебери катары сыпаттап, жаңы кызматындагы тапшырма, милдеттерди жогорку деңгээлде ишке ашыраарына ишеним арткан. Жаңы дайындоого эксперттик коомчулук да оң баа берип, Сүйүнбек Касмамбетовдун мамлекеттик кызматта аткарган иштерин өзгөчө белгилешет.