28-ноябрда боло турган Парламенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Бул багытта Президент 21-октябрда жалпы республикалык кеңешме өткөрөт. Ага айыл өкмөттөрүнөн баштап, бардык мекеме жетекчилери катышат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өз кайрылуусунда белгилеп, люстрацияны ишке ашыруу шайлоочулардын колунда экенин айтты.