Преференциалдык система шайлоо алдындагы партиялык коррупцияга бөгөт коёт. Саясат талдоочулар бул жолку өнөктүктүн өзгөчөлүктөрүн санашууда. Бюллетенди колго алган шайлоочу партияга гана эмес, андагы талапкерге да добуш берет. Мындан улам талапкерлердин тизмесинин алдыңкы сабы эми артыкчылыкка ээ эмес.