Жаңылыктар
Бишкекте беш май куючу жай жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте беш май куючу жай жабылат

Бишкекте коопсуздук эрежелер сакталбагандыгы үчүн беш май куючу жай  жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциясынан «Биринчи радиого» билдиришти. Текшерүү учурунда беш май куйуучу жайдын талапка жооп бербей тургандыгы аныкталып, негизинен өрт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталган эмес. Алар ишин токтотуп, жабылуу боюнча көрсөтмө алышкан. Ал арада тургундар май куюучу жайларды шаардын сыртына чыгаруу учур талабы экенин айтышууда. 

Текшерүү учурунда беш май куйуучу жайдын талапка жооп бербей тургандыгы аныкталып,  өрт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталган эмес. Алар ишин токтотуп, жабылуу боюнча көрсөтмө алышып, бул багытта тиешелүү иш аракеттер эрежеге ылайык жүргүзүлүп жатат.