Жаңылыктар
Бир мандаттуу округ: 381 талапкер катышуу ниетин билдирди
Шайлоо 2023
Бир мандаттуу округ: 381 талапкер катышуу ниетин билдирди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 381 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, арыздарды кабыл алуу 13-октябрда саат 18:00дө аяктады. Баткен облусу боюнча – 3 шайлоо округу, 40 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен төртөө аял. Ош облусу боюнча – 9 шайлоо округу, 71 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен үчөө аял. Жалал-Абад облусу боюнча – 7 шайлоо округу, 63 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен үчөө аял. Талас облусу боюнча – 2 шайлоо округу, 17 адам талапкерлигин көрсөткөн, аялдар жок. 

Чүй облусу боюнча – 6 шайлоо округу, 73 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен үчөө аял. Бишкек шаары боюнча – 4 шайлоо округу, 38 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен төртөө аял. Нарын облусу боюнча – 2 шайлоо округу, 31 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен төртөө аял. Ысык-Көл облусу боюнча – 3 шайлоо округу, 48 адам талапкерлигин көрсөткөн, анын ичинен 10у аял.