Жаңылыктар
Аманкулов: кээ бир машыктыруучулар иштен алынат
Спорт
Аманкулов: кээ бир машыктыруучулар иштен алынат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Олимпиада оюндарынын жыйынтыгына карап, кээ бир машыктыруучулар иштен алынарын билдирди. 

Анын айтымында, агенттик тарабынан спортчулар жана машыктыруучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 

Бирок жыйынтык күтүлгөндөй болгон жок. 

Эми аларга карата чара көрүлөрдүн алдында, спорт агенттигинде журналисттердин катышуусунда жыйын өтөт. Ошол жерде кимге кандай жаза колдонулары маалым болмокчу.

Канат Аманкулов: Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев, Магомед Мусаев жана дзюдочу Отар Бестаев медаль тагынат деп ишенгенбиз. Бирок жыйынтык кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Кээ бир спортчуларбыз медалга бир кадам калганда жеңишти тарттырып жиберишти. Көчмөндөр оюндары бүткөн соң, жыйын өткөрүп, кээ бир машыктыруучуларды иштен алабыз. Ошондой эле кийинки Олимпиада оюндарында канча жолдомо алабыз деп эмес, канча медаль утабыз деген максатта иштейбиз. Бул жаатта атайын программа иштеп чыктык. Мындан тышкары Токиодо өтчү Олимпиада мелдешине катыша турган курамга Жанарбек Кенжеев жана Айаал Лазарев алынбайт. Ал эми Арсен Эралиевдин олимпиадалык курамга кошулар кошулбасы азырынча белгисиз.

Эске салсак, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасы 6 спорт түрүнөн 19 спортчу катышкан. Алардын ичинен оор атлетикадан Изат Артыков коло медаль уткан. Бирок допинг колдонду деп айыпталып,медалдан кол жууган.