Жаңылыктар
ЖЕЭКтин жыйынында Президент Садыр Жапаров бир катар маанилүү демилгелерди көтөрдү
Саясат
ЖЕЭКтин жыйынында Президент Садыр Жапаров  бир катар маанилүү демилгелерди көтөрдү

Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттерди көрөт. Бул максатта атайын программа иштелип чыкты. Ушул жана башка өзөктүү маселелер Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция ыргагында өткөн жыйынында талкууга алынды. Президент Садыр Жапаров жыйында бир катар маанилүү демилгелерди көтөрдү. 

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин бул жолку жыйнынын күн тартибинде тогуз маанилүү маселе камтылган. Онлайн отурумга уюмга мүчө Орусия, Беларусь, Казакстан менен Кыргызстандын президенттери, Армениянын премьер-министри жана Куба менен Өзбекстандын мамлекет башчылары байкоочу катары катышты. ЕАЭБ өлкөлөрүн биринчи кезекте пандемия каатчылыгынан чыгуу жолдору кызыктырат. Жалпы аракет менен чукул арада экономиканы калыбына келтирүү зарыл. Бул жагдайда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо аракеттерин көрүү зарыл экенин президент билдирди.

Биримдик иштеген мезгил аралыгында маанилүү экономикалык оң өзгөрүүлөр болгонун белгилеген Президент Садыр Жапаров ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар биргелешкен аракеттердин аркасында алынууда-деди. Бирок, ошол эле учурда уюмга мүчө мамлекеттерде экономиканы чыңдоо милдети турат. Ал үчүн күч аракетти бириктирип, чечкиндүү чечимдерге бару керек.