Жаңылыктар
Парламенттик шайлоо былтыркыдай нааразычылыктарды жаратпашы үчүн таза өткөрүү аракети көрүлүүдө
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоо былтыркыдай нааразычылыктарды жаратпашы үчүн таза өткөрүү аракети көрүлүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп катталуу үчүн арыз менен кайрылгандардын саны 380ден ашты. Ал эми 75 партия өнөктүккө катышуу ниетин билдирген. Бүгүнкү күндө парламенттик шайлоо былтыркыдай нааразычылыктарды жаратпашы үчүн аны ачык-айкын, таза өткөрүү аракети көрүлүүдө. Президент талапкерлер добуш сатып алууну токтотсо, административдик ресурсту колдонбоо жагын өзү ооздуктай турганын билдирип, буга эрки да, күчү да жете турганын айтты.

Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык системанын негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан 36 депутат келиши керек. Эл өкүлү болууну каалагандардын арызын кабыл алуу 13-октябрда аяктап, аларды каттоо башталды. 381 адам бир мандаттуу шайлоо округдарынан көрсөтүлсө, алардын сегизин жети саясий партия көрсөткөн. Ошол эле учурда 23 саясий партия өздөрүнүн съезддерин өткөрүп, 54төн көп эмес талапкерлердин тизмесин бекитти.

Эми көрсөтүлгөн талапкерлер жана саясий партиялар мыйзамдын талабына ылайык, 18-октябрга чейин тийиштүү документтерин жана шайлоо күрөөлөрүн тапшыруулары керек. БШК берилген документтерди 28-октябрга чейин мамлекеттик органдар менен бирге текшерип чыгат.

29-октябрдан баштап үгүт иштери башталат. Бул эң татаал этаптардын бири. Талапкерлер эле эмес шайлоочулар дагы жоопкерчиликти жогору коё турган учур. Учурда өнөктүктү таза өткөрүү үчүн болгон аракет көрүлүүдө. Президент Садыр Жапаров талапкерлер добуш сатып алууну токтотсо, административдик ресурсту колдонбоо жагына өзү бөгөт коёрун белгилеп жатат.
 
Шайлоо мурдагыдай ыплас өтпөшү үчүн бардык тараптарга атайын жыйындар уюштурулуп, кеңири маалыматтар берилүүдө. Өнөктүктүн таза өтүшү боюнча Президент атайын республикалык кеңешме өткөргөнү турат. Ага айыл өкмөттүн башчыларынан тартып, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттарга чейин бардык жетекчилер катышат. Шайлоого катышып жаткан партия башчылары дагы бар.

Эми мурдагыдай бюджеттик кызматкерлер шайлоону өткөрүүгө, аны даярдоо ишине катышпайт. Мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул талапкердин пайдасына иштесе, жоопкерчиликке тартылып, тийиштүү чаралар көрүлөт.