Жаңылыктар
Президент Кербен шаардык кеңешин таркатуу жөнүндө жарлыкка кол койду
Шайлоо 2023
Президент Кербен шаардык кеңешин таркатуу жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент “Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койгонун мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. 

Жарлык жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланбагандыгына байланыштуу чыкты. Анда Кербен шаардык кеңешин таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-ноябрга дайындалат. 

Аксы районунун акимине шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, материалдык-техникалык маселелерди чечүү жана шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.