Жаңылыктар
Human Rights Watch: Өзбекстанда оппоненттер президенттик шайлоого катышуу укугунан ажырады
Дүйнө
Human Rights Watch: Өзбекстанда оппоненттер президенттик шайлоого катышуу укугунан ажырады

Хьюман Райтс Вотч (HRW) уюму Өзбекстанда бийликтин оппоненттери президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраганын билдирип, ЖМКлардын эркиндиги чектелгенин эскертти.

Эл аралык укук коргоо уюмунун 13-октябрда жарыялаган билдирүүсүндө бул чектөөлөр президент Шавкат Мирзиёев жүргүзүп жаткан реформалардын сапатынан кабар берери айтылган.

“Өзбекстан реформаларды ишке ашыруу менен эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алды. Бирок адам укуктарынын бузулушу жана шайлоодо кандайдыр бир оппозициянын же көз карандысыз талапкерлердин жоктугу алдыга умтулуунун чектелүү экенин көрсөттү ”, - деди Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Өзбекстандын учурдагы президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин добуш берүү процесси эл аралык демократиялык стандарттарга ылайык жүрө турганын билдирген. Өзбек бийлиги оппозиция өкүлдөрү шайлоого катыштырылбаганын, калк чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы тууралуу сын-пикирлерди четке кагып келет.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда болот. Мамлекетти башкарууга талапкер болгон беш кишинин арасында азыркы президент Шавкат Мирзиёев да бар.