Жаңылыктар
Төрт киши консерваланган помидорго ууланып каза болду
Кырсык
Төрт киши консерваланган помидорго ууланып каза болду

Хатлон облусуна караштуу Темурмалик районунун прокуратурасы бир үй-бүлөдөн 18 киши ууланып, алардын төртөө каза болгон факты боюнча тергөө амалдарын баштады.

Окуя 1-октябрда Темурмалик районуна караштуу Куштеппа айылында болгон, бирок бул тууралуу маалымат эми гана ачыкка чыкты.

Маалыматка караганда, консерваланган помидорго төрт киши ууланып каза болгон. Алар – 40 жаштагы Умеджон Хамидов, 32 жаштагы Муяссара Кулматова, 6 жаштагы Сумая Додозода жана эки жаштагы Рухсора Кулзода.

Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, Додожон Нурхонов аттуу тургун 30-сентябрда үйүндө аш басып, туугандарын конокко чакырган. Тамак учурунда алар эки литрлик консерваланган помидорду ачып жеген соң ууланышкан. Ушул тапта соттук-медициналык экспертиза жүрүүдө.

Куляб инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Абдукарим Шокировдун айтымында, ооруканага алгач жеткирилген алты кишинин экөөнүн гана өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон. Төртөө катуу уулангандыктан, дарыгерлер аларды аман алып кала алышкан эмес.

Ушул тапта инфекциялык ооруканада дагы төрт киши дарыланууда, алардын абалы туруктуу.