Жаңылыктар
Бишкектин Ала-Тоо аянтында сүрөт көргөзмөсү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин Ала-Тоо аянтында сүрөт көргөзмөсү ачылды

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда өлкөнүн көз карандысыз жылдарындагы тарыхы чагылдырылган. Ачык асман алдында ачылган көргөзмөдөн Мээрим Бакир кызынын материалы.

Бишкектин дал ортосу Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык тарыхын сүрөт менен баяндаган көргөзмө ачылды. Анда 1991-жылдан тартып 2016-жылга чейинки ар бир жылдагы окуялар чагылдырылган. Ачылуу аземине  президенттик аппарат, шаар бийлиги, журналисттер жана шаар тургундары катышты. Көргөзмөдө өлкөнүн кайгылуу да, кубанычтуу да күндөрү чагылдырылган.

Сүрөт көргөзмөсү 10-сентябрга чейин аянтта турмакчы. Атайын жарыктар   орнотулгандыктан, көргөзмөнү кечкисин да көрүүгө болот. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген коноктор жана эгемендүүлүк майрамын борбордо белгилегендер - Кыргызстандын 25 жылдык тарыхы менен мына ушул сүрөттөр аркылуу  тааныша алат.