Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров КМШнын саммитинде чек араны аныктоо процессин тездетүү зарылдыгына токтолду
Чек ара
Президент Садыр Жапаров КМШнын саммитинде чек араны аныктоо процессин тездетүү зарылдыгына токтолду

«Өз ара ишенимдин жана ынак коңшулук духунда өлкөлөрүбүздүн мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин эртерээк бүтүрүү биз үчүн маанилүү милдет болуп саналат», - деди Президент Садыр Жапаров видеоконференция форматында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында.

1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишим жана ошол эле жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясы, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо боюнча Москва декларациясы сыяктуу документтерде коюлган максаттар жана принциптер бүгүнкү күндө мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу. 

«Биз регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн болгон келишпестиктерди тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечүүнү жактайбыз», - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.