Жаңылыктар
Бишкекте V түрк тасмаларынын жумалыгы башталды
Маданият
Бишкекте V түрк тасмаларынын жумалыгы башталды

16-октябрда, "Манас" кинотеатрында V түрк тасмаларынын жумалыгы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жумалыктын биринчи күнүндө режиссер Мехмет Ада Өзтекинин “7- камерадагы керемет” тасмасы көрсөтүлдү. Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссерлор, актерлор жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлор жолугушууларды өткөрүп, биргелешип тасма тартуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. 16-20-октябрь күндөрү тасмалар акысыз көрсөтүлөт.