Жаңылыктар
Бүгүн коомчулук белгилүү агартуучу Жумаалы Момункуловду акыркы сапарга узатты
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн коомчулук белгилүү агартуучу Жумаалы Момункуловду акыркы сапарга узатты

Бүгүн коомчулук белгилүү агартуучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жумаалы Момункуловду акыркы сапарга узатты. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстүнө жерге берилди. 

Коштошуу зыйнаты маркумдун өзүнүн үйүнүн алдында өтүп, ага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, замандаштары жана үй-бүлөсү катышты. Жумаалы Момункулов маданият тармагындагы искусство жана музей ишин өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Ал Мамлекеттик тарых музейинен тарта, көптөгөн музыкалык окуу жайларда жетекчилик кызматтарды аркалап, Маданият министринин орун басары болгон. Момункулов өтө адамгерчиликтүү, иштерман, ошол эле учурда калыс адам болчу, - деп эскерет замандаштары.