Жаңылыктар
Травматолог-ортопеддердин конгресси ачылды
Ден соолук
Травматолог-ортопеддердин конгресси ачылды

Чолпон-Ата шаарында травматолог-ортопеддердин V Евразиялык Конгресси жана Кыргызстандын травматолог-ортопеддеринин III съезди башталды.

 Конгресстин ишине 300дөн ашуун делегаттар катышууда. Анын ичинде Түштүк Корея, Германия, Түркия, Россия, Белорусия сыктуу алыскы жана жакынкы мамлекеттердин дагы белгилүү травматолог-ортопеддери бар. 3 күнгө созула турган илимий форумда 100дөн ашуун илимий баяндамалар жасалат. 

Ошондой эле травматология жана ортопедия тармагында бейтаптарды жаңы медициналык технологиялар жана инновацияларды колдонуу менен дарылоонун ыкмалары талкууланат. Ал эми чет мамлекеттен келген алдыңкы дарыгерлер ири муундарды эндоПротездөө боюнча масстер-класстарды өткөрүп, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Конгресттин алкагында жаш окумуштуулардын бул тармактагы илимий-практикалык жетишкендиктери боюнча эмгектерин жарыкка алып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.