Жаңылыктар
ӨКМ: Кеминдеги жол кырсыгынан эки адам каза болуп, үчөө жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Кеминдеги жол кырсыгынан эки адам каза болуп, үчөө жабыркады

Кемин районунун Ударник айылынын Ленин көчөсүндө 17-октябрь күнү Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бак сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган С.Т. аттуу бала, 1 кыз каза болгон жана 3 өспүрүм балдар жабыркаган, алардын аты-жөндөрү такталууда. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.