Жаңылыктар
ТИМ: Москвада өрттөн 14 Кыргызстандын жараны каза болду
Кырсык
ТИМ: Москвада өрттөн 14 Кыргызстандын жараны каза болду

Москва шаарында өрттөн каза болгон 14 Кыргызстан жарандары экендигин Тышкы иштер министрлиги тастыктады. 

Маалым болгондой, Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдагандай имараттын ичинде 17 адам калып калган.

"Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, каргашалуу окуядан 16 адам каза болду. Алардын 14 Кыргызстандыктар", — деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы. 

Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Оруссиянын Тергөө комитетинини тарабынан иш козголду.