Жаңылыктар
Өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланды

Президент Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августун аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. 27-августунда бир эле мезгилде эки каргашалуу окуя болду. 

Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өрттүн кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду. Ал эми, Бишкек-Ош унаа  жолундагы кырсык 9 мекендешибиздин өмүрүн алды. Кыргызстан эли үчүн бул орду толгус оор жоготуу болду. 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга оор учурда колдоо көрсөтүү үчүн чараларды көрүүдө. Адамдардын курмандыгына алып келген себептерди объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу иштери аткарылууда. Бул максатта Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Тилсиз жоодон мерт кеткен мекендештерибиздин тизмеси:

1. Нурай Жумадылова, 18 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылынан;
2. Гүлбара Бообекова 45 жашта, Чүй облусунун Кемин районунан;
3. Динара Раимкулова 33 жашта, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Көл айылынан;
4. Жаркынай Абдуганиева, 43 жашта, Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынан;
5. Базарбай кызы Айсулуу 23 жашта, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынан;
6 Азимжан кызы Махигүл, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Курулуш айылынан;
7. Алмаш Камчыбекова 18 жашта, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынан;
8. Алина Топчиева, 22 жашта, Ош облусунан;
9. Абдаким кызы Айкөл 23 жашта, Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылынан;
10. Канатбек кызы Алина 22 жашта, Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынан;
11. Коргонбай кызы Жаңыл Мырза 21 жашта, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынан;
12. Индира Маматкасымова 39 жашта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан;
13. Кыял Алабердиева 30 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айылынан;
14. Айчүрөк Абдумаматова 26 жашта, Ош облусунан;