Жаңылыктар
Бүгүн БШК шайлоого талапкерлерди жана партияларды каттоону аяктайт
Шайлоо 2023
Бүгүн БШК шайлоого талапкерлерди жана партияларды каттоону аяктайт

Бүгүн, 18-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кечки саат алтыга чейин көрсөтүлгөн талапкерлерди жана партияларды каттоосун аяктайт. 

Бир мандаттуу округдардан арыз менен кайрылган 381 адамдын 51и талапкер болуп катталды. Ал эми, шайлоого катышуу ниетин билдирген 70тен ашуун партиянын 23ү талапкерлердин тизмесин аныктап, 7 партия өз тизмелерин беришти. Эми Боршайком берилген документтерди 28-октябрга чейин мамлекеттик органдар менен бирге текшерип чыгат. Андан кийин каттоодон өткөн талапкерлер жана партиялар үгүт иштерине аттанышат. 

Белгилей кетсек, партиялар парламентке өтүү үчүн жалпы шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алышы керек. Ошондой эле ар бир облуста катышкан шайлоочулардын санынан 0,5 пайыздан аз эмес добуш алуулары шарт. Эгерде партиялар ушул талаптардан өтүп, мандаттарды бөлүштурүүгө жетсе, анда партиянын ичиндеги мандаттар шайлоочулардын добушунун санына жараша берилет.

"Бул жолу да мамлекеттик маалымдоо каражаттарында акысыз эфир берилет. Борбордук деңгээлде дебаттар партиянын арасында 3 этап менен болот. Жаш талапкерлер үчүн, аял талапкерлер үчүн жана партиянын лидерлери үчүн. Облустук медиаборборлордо ошол бир мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлердин арасында дебаттар болот. Ошондой эле акысыз эфирдик убакыт ошол жеке бир билдирүүлөр үчүн дагы берилет",- деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.