Жаңылыктар
«Айтматов жана театр» фестивалына катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашкан мекендештер
Мекендештер
«Айтматов жана театр» фестивалына катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашкан мекендештер

Күндүз таксист, кассир, медайым, тазалоо кызматкери, ашпозчу болуп иштеген мекендештерибиз кечинде куттуу сахнада артист, Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын бирине айланат. Ошентип биринчи «Айтматов жана театр» фестивалына эки айдан ашык даярдык көрүлдү.

Алты кыргыз чыгармачыл топ жана Москвада жайгашкан башкыр театрынын группасы актердук чеберчилик боюнча таймашты. Улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерден үзүндүлөр коюлду. Ар бир команда үчүн 15 мүнөт берилген, бул убакыттын ичинде алар башталышын, кульминациясы менен аягын көрсөтүүгө үлгүрүшү керек.