Жаңылыктар
Бишкекте түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө
Маданият
Бишкекте түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө

Кыргыз жана түрк режиссёрлору биргеликте тасма тартышат. Мындай келишим Бишкекте өтүп жаткан түрк тасмаларынын жумалыгынын алкагында белгилүү болду. 

Бешинчи ирет өтүп жаткан жумалык 16-октябрь күнү башталды. Расмий ачылыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Садык Догандын катышуусу менен өттү. Мындан сырткары эки өлкөнүн кинорежиссёрлору, актерлору жана түрк фильмдеринин көрүүчүлөрү катышты.

Жумалык Мехмет Ада Өзтеки койгон “7-камерадагы керемет” тасмасын көрсөтүү менен башталды. Мындан сырткары бир жуманын ичинде “Баскетбол шакекчеси”, “Маузер”, “Сүйүүнүн өмүрү” , “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” анимациялык фильми, “Өмөр жана биз” аттуу тасмалар көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Негизги максат кыргыз-түрк маданий алакасын жакшыртып, кинонун күчүнө негизделген эки өлкө ортосунда дагы бир көпүрө куруу менен достукту бекемдөө.