Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоону аяктады
Шайлоо 2023
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоону аяктады

Парламенттик шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин документтери 28-октябрга чейин каралат. Муну БШК мамлекеттик органдар менен биргеликте текшерет. 

Тапшырган документтери бардык талаптарга жооп берген талапкерлер үгүт өнөктүгүнө аттанышат. Бул этап 29-октябрдан баштап, 1 айга белгиленген. 

Мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрү депутаттык милдетин тапшырбастан эле шайлоого катыша беришет. Ал эми, калган талапкерлер көрсөтүлгөн учурдан тартып, кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот. 

Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүүдө. Адаттагыдай эле мамлекеттик телеканалдардан акысыз эфирлер берилет. Дебаттар 3 этап менен жаштар, айымдар жана партия лидерлеринин арасында уюштурулат. Ал эми бир мандаттуу округдардан аттанган талапкерлерге мындай мүмкүнчүлүк облустук медиаборборлордон берилет. 

Белгилей кетсек, партиялар парламентке өтүү үчүн жалпы шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алышы керек.

Ошондой эле ар бир облуста катышкан шайлоочулардын санынан 0,5 пайыздан аз эмес добуш алуулары шарт. Эгерде партиялар ушул талаптардан өтүп, мандаттарды бөлүштурүүгө жетсе, анда партиянын ичиндеги мандаттар шайлоочулардын добушунун санына жараша берилет.