Жаңылыктар
Нурлан Төрөбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты
Кыргызстан жаңылыктары
Нурлан Төрөбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Кыргыз коомчулугу Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин жетекчиси, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Нурлан Төрөбеков менен коштошту. 

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кесиптештери, туугандары, жоро-жолдоштору жана коңшу өлкөлөрдөн келген санаалаштары менен Казакстандын Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакытжан Эртаев катышты. 

Калың журтка Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы катары таанымал болгон Нурлан Төрөбеков,2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан депутат болгон. 

Эске сала кетсек Төрөбеков 25-август күнү узакка созулган оорудан кийин 48 жашында каза болду. Маркумдун артында 5 баласы калды. Анын сөөгү Чоң-Арык айылына коюлду.