Жаңылыктар
Москвада каза болгон мекендештердин сөөгү салынган учак бүгүн келет
Кырсык
Москвада каза болгон мекендештердин сөөгү салынган учак бүгүн  келет

Москвадагы өрттөн набыт болгон 14 кишинин сөөгү салынган атайын учак Кыргызстанга бүгүн түштөн кийин келет. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Азыр сөөктөрдү алып кетүүгө байланышкан аракеттер жүрүп жатат. Жумушчу топтун өкүлдөрү Москвада ооруканада жаткан үч мекендешибизге да барып, алардын абалы менен таанышып келишти. 

Сөөктөр салынган учак Москва-Ош-Бишкек багытында учат. Ал эми сөөктөрдү аэропорттон үйлөрүнө жеткирип, туугандарына тапшыруу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлдү. Атайын учак менен набыт болгондордун жакындары да учуп келишет. Коштоочулардын тизмеси Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан түзүлгөнү кабарланган.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118