Жаңылыктар
Диетолог Гинзбург адамдын мээсин жабырката турган азыкты атады
Дүйнө
Диетолог Гинзбург адамдын мээсин жабырката турган азыкты атады

Кантты өтө көп колдонуу мээге терс таасирин тийгизип, эс тутумду начарлатат. Бул туурасында диетолог Михаил Гинзбург айтып чыккан. Адис Огайо штатынын окумуштууларынын тамак-аштын адамдын мээсине тийгизген таасири боюнча изилдөөсүнө пикирин айткан. 

"Себеби табиятта эч ким кантты адам баласы азыркыдай жеп жаткан көлөмдө колдонбойт. Биздин организм эволюциялык жактан да шекердин метаболизминен коргонуунун жолдорун иштеп чыга элек", - деп түшүндүргөн Гинзбург. Америкалык адистер ар түрдүү кошундулардан тазаланган углеводдордун когнитивдик жактан аксоолорго алып келерин далилдеп чыгышкан. 

Михаил Гинзбург шекер адамдардагы кан басымдын жогорулашын, кант диабетин, шишиктерди жана башка ооруларды шарттай турганын кошумчалады. Мындан сырткары, ал таттуу жемиштерди азыраак жеш керектигин эскерткен. Адистер буга чейин артериялык кан басымдын көтөрүлүп кетишинен улам кан тамырлардын начар иштеп калышы адамды унутчаак кыла турган себептердин бири экендигин айткан.