Жаңылыктар
9 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында бир үй-бүлө эгиз балдары менен каза болгон
Кырсык
9 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында бир үй-бүлө эгиз балдары менен каза болгон

Чүй облусунун Жайыл  районунда  27-август күнү   саат  болжол менен  11.20  чамасында   Бишкек-Ош   унаа  жолунун   178  чакырымында   Митцубиси Лансер    авто унаасы   түштүктү  көздөй  бара  жатып, Фольксваген  Пассат В6  унаасы менен  кагышкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол  кырсыгынын  кесепетинен каза болгондордун тизмеси: Митцубиси  Лансер  маркасындагы  авто унаанын  айдоочусу Ысык-Көл  облусунун  Ак-Суу районунун, Тепколюченка  айылынын тургуну, 1986-жылы   туулган  Жумадылов  Болот  Кубатбекович, 


Жүргүнчүлөрү :

1. Кулов  Тычтыкбек  Токтогонович, 1983-жылкы

2. Исмаилова  Айзада  Калыгуловна, 1979-жылкы

3. Касымов   Нурдин  Бактыбекович, 1984-жылкы 

Фольксваген  Пассат В6  маркасындагы  авто унаанын айдоочусу  Бишкек  шаарынын  Ак-Өргө  жаны  конушунун  тургуну 1980-жылы туулган  Шукуров  Жылдызбек Сатыбалдиевич, келинчеги 1980-жылы туулган.  Шукурова  Эльнура, 2016-жылдын август айынын 7де жарык дүйнөгө келген эгиз балдары Шукурова Аэлин, Шукуров  Алият кырсык болгон  жерден  каза  табышкан.

Жол  кырсыгы  катталган  жерден Фольксваген  Пассат В6  жүгүнчүсү  Жылдызбек кызы   Нурайым болжол  менен 2002-2003 - жылы  туулган Жайыл райондук ооруканага  жетпей жолдо  каза болгон.  Ал  эми,  Митцубиси  Лансер   маркасындагы   автоунаанын  жүргүнчүсү  2010- жылы туулган Бактыбеков  Арсен Нурдинович    Жайыл райондук  ооруканасынын  реанимация  бөлүмүнө  жеткирилген, дарыгерлердин айтуусу боюнча абалы өтө оор. Учурда кырсыктын себептери такталууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118