Жаңылыктар
Футбол боюнча Азия кубогун өткөрүүдө жаңы шарттар
Спорт
Футбол боюнча Азия кубогун өткөрүүдө жаңы шарттар

2023-жылы өтүүчү Азия кубогуна тандоо оюндары борборлоштурулган форматта өтөт. 

Азия футбол конфедерациясынын аткаруучу комитети мындай чечимди коронавируска байланыштуу көйгөйлөрдөн улам кабыл алган. Футболдук союз бул оюндарды өткөрүүнү каалаган өлкөнүн арызын кабыл алууга даяр. 

Бирок, кабыл алуучу өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, беттештер үчүн жетиштүү жайлар жана мелдешке катышкан бардык командалардын оюнчуларын COVID-19га каршы милдеттүү түрдө тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралат. 

Мындан сырткары, мелдеш медициналык кызматкердин тыкыр көзөмөлү астында өтүшү шарт. 

Эске салсак, Кыргызстан курама командасынын 2022-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары Японияда өткөн. Анда улуттук команда дүйнө биринчилигине чыга алган эмес.