Жаңылыктар
УКМК: Кара-Кулжа каттоо кызматынын адиси кармалды
Кылмыш
УКМК: Кара-Кулжа каттоо кызматынын адиси кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттик органдардын, кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасындагы фактыны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, Ош облустук Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адисин кармады. 

Шектүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жаранынын паспортун Өзбекстандын жарандарына белгилүү бир акчалай сый акы үчүн бергени аныкталды. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факты "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана Паспортту мыйзамсыз берүү" беренелери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.