Учурда шайлоону ачык, таза, адилеттүү өткөрүү милдети турат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров жергиликтүү башкаруу органдарынын Республикалык кеңешмесинде дагы белгилеп, бул жолу парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүлгөнүн билдирди.
Эми мурдагыдай "биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом" деген мезгил артта калды. Мындан ары ар бир жаран өзү каалаган талапкерге добуш бере алат.