Жаңылыктар
Москвадагы өрт кырсыгы боюнча дыкат иликтөө жүргүзүлөт
Кырсык
Москвадагы өрт кырсыгы боюнча дыкат иликтөө жүргүзүлөт

Москвадагы өрт боюнча дыкат иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди.

Министрликтин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Лавров Москвадагы өрттөн каза болгон кыргыз жарандарынын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Орус министри -трагедиялуу окуя ар тараптуу дыкат иликтөөдөн өтүп, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөрдүн баары жоопкерчиликке тартылаарын билдирди. 

Эрлан Абдылдаев болсо көңүл айтып колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө жарандарын кайгыга салган трагедияны иликтөө иши кыска убакыттын ичинде аткарылаарын кошумчалады.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118