Жаңылыктар
Казакстандын Президенти Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандын Президенти  Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты.

«Кыргыз жарандарынын курмандыгына алып келген Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрт жана Бишкек-Ош автожолундагы кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бир тууган кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшүү менен Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”,- деп айтылат Казакстандын Президентинин телеграммасында. 

Казакстандын Президенти ошондой эле жабыр тарткандардын тез сакайып кетишине тилектештигин билдирген.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118