Жаңылыктар
"Азия кубогу - 2022" турнирине тандоо. КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды
Спорт
"Азия кубогу - 2022" турнирине тандоо. КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Азия кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды. 

Оюн 2:1 эсеби менен аяктады. Кыргызстан чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшүп, эми биздин футболчулар Индия жана Оман командалары менен кез келет. Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат. Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.