Жаңылыктар
Медициналык академиянын айрым кызматкерлери ректорго нааразы
Кыргызстан жаңылыктары
Медициналык академиянын айрым кызматкерлери ректорго нааразы

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын айрым кызматкерлери жетекчилиги тарабынан куугунтукка кабылып жаткандарын айтып бүгүн маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын арасында академиянын мурдагы ректору Ашыралы Зурдинов жана окуу жайдын 10го жакын кызматкерлери бар. 

Алар азыркы учурда медициналык академияда репрессия жүрүп жатканын айтышып, азыркы ректордун бул кызматта отурууга моралдык укугу жок экенин белгилешти. 

Нааразы болгон кызматкерлер бул кайрылуусун президент Алмазбек Атамбаевге жолдоп, ректорду шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгуу талабын коюшмакчы. Айтымдарында акыркы учурда академиядан 10го жакын медицина илимдеринин докторлору, декандар кызматынан айдалып, акыйкатсыздык жана туруксуздук өкүм сүрүп жатат.