Жаңылыктар
Кыз-келиндер күрөшү үчүн спорттук зал салынат
Спорт
Кыз-келиндер күрөшү үчүн спорттук зал салынат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кыз-келиндер күрөшү үчүн спорттук зал салынат. Бул үчүн борбордон жер тилкеси бөлүндү. Жакында объекттин курулуш иштери башталат. 

Спорттук зал кыз-келиндер күрөшүнүн өнүгүшүнө гана салым кошпостон, жалпы спорт сүйүүчүлөрдүн сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырат. Учурда Министрлер Кабинети дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууда.

Соңку жылдары Кыргызстандын спортчулары, айрыкча кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга жетишип, өлкө намысын татыктуу коргоп беришти. Спортчулардын мындан кийинки олимпиада оюндарында, эл аралык дүйнө чемпионаттарында дагы өлкө желегин желбиретип, жогорку көрсөткүчтөргө жетүү үчүн жакшы шарт керек дешет балбан кыздар. 

Буга чейин балбан кыздар балдар менен чогуу эле бир спорттук залда, кээ бир күндөрү кол жээгинде же тоодо машыгып келишкен. Эми кыз-келиндер күрөшү үчүн атайын спорттук зал курулуп бүтсө, бул балбан кыздарга эле эмес, кийинки өсүп келе жаткан жаш спортчулар үчүн да чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Спортчуларды колдоо жана спортту өнүктүрүү максатында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен салына турган спорттук залга жер тилкеси бөлүнүп берилди. Жакында курулушу башталат. Бул спорттук залда спортту калк арасында кеңири жайылтуу үчүн бардык зарыл шарттары болот. 

Спортчу айымдар үчүн өзүнчө спорттук залдын ачылышы кыз-келиндер күрөшүнүн өнүгүшү гана салым кошпостон, жалпы спорт сүйүүчүлөрдүн сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырат.