Жаңылыктар
Мадумаров кол койгон протоколго таянып, тажиктер жерди «биздики» деп жатышат
Чек ара
Мадумаров кол койгон протоколго таянып, тажиктер жерди «биздики» деп жатышат

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн “Төрт көчө” жолу кооптуу тилкелердин бири болуп саналат. 

Чек ара чырларында коңшу өлкөнүн жарандары аталган жолду жабууну адатка айландырган. Тажикстан бул 275 метр тилкени Кыргызстан ижарага алган деп эсептейт. Президент маалымат жыйын учурунда чек ара маселесине байланыштуу суроого жооп берип жатып, мындай жагдайдын чыгышына Адахан Мадумаровдун Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурдагы катасы себеп болгонун белгиледи.

Сөз болуп жаткан документке Мадумаров менен Таджикстандын Коопсуздук кеңешинин ошол учурдагы катчысы Амиркул Азимов 2009-жылдын 3-мартында Кожент шаарында кол коюшкан. Бирок көпчүлүк аталган протокол чек ара маселесине чекит коё турган күчкө ээ эмес экенин белгилеп жатышат.

Буга чейин Мадумаров аталган маселе боюнча пикирин билдирип, кол коюлган документ жердин коңшу өлкөгө өтүп кетишине себеп болбостугун белгилеген эле. Анткен менен расмий Дүйшөмбү Кыргызстан Төрт-Көчөнү ижарага алуу менен, ал тилкени Тажикстандын жери катары тааныды деген турумду карманып келатат.