Жаңылыктар
Шайлоо - 2021. БШК партияларга жана талапкерлерге акысыз эфир берүүнүн тартибин бекитти
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021. БШК партияларга жана талапкерлерге акысыз эфир берүүнүн тартибин бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы партияларга жана бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге мамлекеттик телеканалдардан акысыз эфир берүүнүн жол-жобосун бекитти. 

Бир мандаттуу округдун талапкерлери облустук телеканалдар аркылуу шайлоочуларга кайрылуу жасап, дебатка чыгышат. Ал эми ЭлТР телеканалында саясий партиялардын жаштардан жана аялдардан турган талапкерлеринин ортосунда дебат уюштурулат.

Партия лидерлери үчүн дебаттар КТРКда өткөрүлөт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаттары преференциалдык жана мажоритардык система менен шайланат. Учурда БШКда талапкерлерди каттоо процесси жүрүп жатат. Үгүт иштери 29-октябрда башталат.