Жаңылыктар
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы талкууланды

Бишкекте диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы талкууланды. Максат - мамлекеттик органдар менен диний чөйрөдөгү маселелерди чогуу чечип, эриш-аркак кызматташтыкты өркүндөтүү. Ошол эле учурда мамлекеттин светтик негиздерин сактоо. 

Жыйынга катышкан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов салттуу маданиятты сактоого умутулуп, диний чөйрө салт-санаа, үрп-адат менен келечек муунду тарбияга чакыра алат деген пикирин билдирди.