Жаңылыктар
“Кыргызнефтегаз” - экономикалык мүмкүнчүлүгү жогору ишкана
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргызнефтегаз” - экономикалык мүмкүнчүлүгү жогору ишкана

 "Кыргызнефтегаз" калкты мунай менен камсыздоо үчүн бар аракетин көрүп келет. Ишкана жыл соңуна чейин 8 мунайды бургулоочу жаңы скважинаны ишке киргизгени турат. Анын жыйынтыгы менен өндүрүлгөн чийки мунайдын көлөмү суткасына 15 тоннага чейин көбөйөт. Ишкана 9 ай ичинде бардык коюлган милдеттенмелерди аткарды. Таза киреше 163 миллион сомду түзгөн. Эми жыл соңуна чейин кирешени 4 жарым эсеге көтөрүү пландалууда. 

Бургулоо иштери “Майлуу-Суу-4” тилкесинде жүргүзүлүп жатат. Долбоорго ылайык, тереңдик 1 миң 870 метрге чейин жетиши керек. Учурда 1 миң 570 метр казылды. Жумушту 16 кызматкер күн-түн нөөмөт менен аткарууда. Иш өз ыргагы менен жүрүп турса, дагы 20 күндө аягына чыгат.

“Кыргызнефтегаз” ишканасында бүгүнкү күндө 595 мунай бургулоочу скважина иштеп жатат. Мунун ичинен 14ү быйыл ишке берилген. Сутка ичинде өндүрүлгөн чийки мундайын көлөмү 40 тоннага чейин көбөйгөн. Жыл соңуна чейин дагы 8 скважина ишке берилет. Анын жыйынтыгы менен өндүрүлгөн чийки мунайдын көлөмү суткасына 15 тоннага чейин көбөйүүсү күтүлүүдө.