Жаңылыктар
Таласта жол кырсыктары көп катталууда
Аймак
Таласта жол кырсыктары көп катталууда

Талас облусунда жыл башынан бери 117 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 26 адам каза тапкан. Учурда жол кырсыктары эң көп катталган аймак катары дубан 3-орунда турат. Өткөн аптада эле 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы Талас районунда орун алды. 

Мындан улам коомчулукта жүргүнчү ташуучу айдоочулардын унаа айдоо маданияты катуу талкууда. Ал эми жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспекторлор айыл аралап, элге, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.