Жаңылыктар
Унаа салыгынын мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт
Экономика
Унаа салыгынын мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт

Унаага салынчу салык төгүмүнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Буга байланыштуу мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май райондук бөлүмү Кайгуул милиция менен биргеликте кезектеги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. 

Токтогон унаа ээлерине фискалдык органдын өкүлдөрү төгүлчү салыктын ыкмалары жана төгүү мөөнөтү тууралуу түшүндүрүп жатышат. Ошол эле учурда салык кызматы мүлккө жана жер тилкелерине болгон салыкты төгүү мөөнөтү 2-сентябрда аяктай турганын эскертет. 

Эгер жергиликтүү салыктан баш тарткандар болсо административдик айыпка жыгылат жана ошол күндөрдүн үстүнө пайыздык кошумча каражат кошулат.