Жаңылыктар
Алимардон Шукуров олимпиадалык курамга кошулду
Спорт
Алимардон Шукуров олимпиадалык курамга кошулду

Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын катарына Беларустун "Неман" клубунун оюнчусу Алимардон Шукуров кошулганын футбол федерациясы социалдык баракчасы аркылуу маалымдады. 

Курама команда 27-октябрда Азия кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Оман командасы менен беттешет. Олимпиадалык команда Хаур-Факкан шаарында даярдык көрүп, Шукуров машыгууга катышкан. Кыргызстан — Оман командаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча 18:50дө башталат. Ал эми Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.